КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 21-МАРТ: Аксы - Ала-Бука жолунун Чала-Сарт аймагында аскерлердин саны кыскарды

15:28. Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсү Бейшеналы Ашимов SUPER.KG порталына билдиргендей, азыркы учурда аймакта кырдаал туруктуу. Өзбекстандын чек арачылары Аксы - Ала-Бука жолунда жарандардын документтерин текшерүүнү улантып жатышат.

13:40. Аксыда чек ара аймагындагы коомдук коопсуздукту укук коргоо органдары көзөмөлдөөдө. Чек арачылар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. "Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Чек ара коопсуздугун камсыздоого күч жана каражат жетиштүү",- деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы.

12:12. Кербен - Ала-Бука жолунун Чала-Сарт аймагында турган аскерлердин саны кыскартылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин унаа жолдун аталган бөлүгүнөн эки тарап тең аскерлерин азайткан. Учурда эки тараптан 8ден аскер калды. Аймактын башка чек ара тилкесинде аскерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

8:49. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда түн тынч өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев билдирди. Анын айтымында, Нооруз майрамына байланыштуу райондогу айылдарда майрамдык иш-чаралар пландалган. "Аймакта жергиликтүү бийлик менен күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда",- деди Шербаев.

00:05. Аксынын Торук айылынын жаштары бийликке талап коюуга даярданып жатышат. Муну бүгүн 21-мартта жергиликтүү тургундардын бири SUPER.KG порталына кабарлады. Анын айтымында, Кербен - Ала-Бука жолунун тосулушуна тийиштүү сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек.

"Торук айылынан Эмил Алимов баштаган 50гө жакын мекенчил жаш жигиттер Аксы райондук администрациясынын алдына чыгып, чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылууга даярданып жатышат. Анткени Торук айылы да чек арага жакын жайгашкан. Алар Кербен - Ала Бука аймагындагы окуяга тынчсызданып жатышат. Талапты президентке, өкмөткө коёбуз дешүүдө",- деди жергиликтүү тургун.

Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан