Өлкөбүздүн булуң-бурчунда Нооруз майрамы белгиленип жатат (фото)

Бүгүн, 21-мартта өлкөбүздүн бардык аймактарында Нооруз майрамы өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленүүдө. Ар бир облуста, шаарда, айылда бүгүн өзгөчө маанай. Концерттик программалар, оюн-зооктор, көргөзмөлөр тургундарга жакшы маанай тартуулап, кубанычка бөлөөдө.

SUPER.KG порталы бул майрамды белгилеп жаткан аймактардагы тургундардан кабар алып, окурмандарга жеткирүү максатында фоторепортаж тартуулайт.

Баткен облусу

"Майрамдык иш-чарага Баткен шаарынын мэри, КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү, аким жана дагы башкалар катышышты. Майрам концерт менен коштолуп, көргөзмө-жарманкелер уюштурулду. Куттуктоо сөздөрү айтылып, жакшы ийгиликтерди жараткандар атайын сыйлыктар менен сыйланышты",- дейт Баткен облустук администрациясынын өкүлү Алимбек Матмуратов.

Ош шаарында 21-Март - Нооруз майрамы калаанын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, Кытай Эл Республикасынын, Орусия Федерациясынын, Казакстандын Ош шаарындагы консулдары катышып, шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү.

"Чыгыш элдеринде Нооруз жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз Ноорузду дайыма жаздын, эмгектин, биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдап келген. Нооруз байыртадан эле жаңы башаттардын башталышы болгон, анткени жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр ачат. Жашоо уланат. Ноорузда элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилейли. Ылайым бул күндүн урматына ар бир инсандын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин! Ушул жылы касиеттүү кыргыз жерибизде, анын ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибиз токчулук, молчулукта бакубат жашоо кечирсин! Жалпы кыргыз элине кут уялап, Ата Мекенибиздин келечеги кең болсун!"- деди калаа башчысы Кадырбаев.

Шаардын борбордук аянтында боз үйлөр тигилип, ар улуттун каада-салттарынан көрүнүштөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын түрлөрү, ыр-бийлер уюштурулган. Майрамдык иш-чарага 10 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.

Нооруз майрамы Талас облусунун бардык район, айылдарында өткөрүлгөнү тууралуу КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтосунов SUPER.KG порталына билдирди.

"Нооруз майрамы облустун бардык аймактарында өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты. Жыл сайын сүмөлөк бышыруу салты райондорго бөлүнчү, быйыл Кара-Буура районуна түшүп, "Манас-Ордодо" салтанаттуу түрдө сүмөлөк бышырылып, каалоо-тилектер айтылды. Майрамда театрлаштырылган шоу, концерт, тамак-аш, улуттук кийим көргөзмөлөрү өткөрүлдү. Ошондой эле салбуурун, чүкө оюндары, кыргыз көчү жана дагы башка кыргыздын салттары көрсөтүлүп, эл улуттук кийим менен жөө жүрүшкө чыкты. Жалпысынан майрамга 5 миңдей адам катышты. Азыр да оюндар жана концерттер уланууда",- дейт Токтосунов.

Нарын шаарынын борбордук аянтында да Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов куттуктоо сөзүн айтты.

"Андан соң театрлаштырылган оюн-зоок программасы тартууланып, Ноорузга арналган иш-чара улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, спорттук мелдештер менен коштолду. Мындан сырткары жергиликтүү ишкерлер тарабынан майрамга келген көрүүчүлөргө акысыз тамактар таратылды. Ал эми майрамдык иш-чаралар шаардыктар жана коноктор үчүн кечки саат 17:30дан баштап эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен уланмакчы",- дейт Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurik2103
2016-03-21 12:45:45
майрамынар менен баарынарды
0
kama_future_millioner
2016-03-21 14:33:59
Майрамынар менен мекендештер
+2
chika.chika
2016-03-21 14:44:31
Майрамыңыздар менен кыргыз элим,ушул жыл тынчылыктын,токчулуктун,бей-кутчулуктун жылдарынан болсун ооомин.
+2
chonkurulush
2016-03-21 14:46:18
2016 жылкы Нооруз майрамы озгочого башка жылкы майрамдарга караганда
+3
beast
2016-03-21 15:04:27
нарын Ош нарын Ош нарын Ош нарын Ош нарын Ош нарын Ош
0
Alixan-Nookat.2015
2016-03-21 18:14:34
Ошто жакшы болгонго эл коп экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан