“Ала-Тоо” аянтындагы салтанаттуу иш-чарадан чыккан шаардыктар жана калаа коноктору Панфилов атындагы сейил бакка агылып келишүүдө. Учурда аталган жайда элдин көптүгүнөн бут коёрго жер жок. Сейил бактагы бардык оюн-зоок аттракциондорунда кезек күткөндөрдү көрүүгө болот.
Ошондой эле Нооруздун символу болгон сүмөлөк жакшы өтүүдө. Муну билген сатуучулар бааларды каалагандай коюп, бири 100 граммын 35 сомдон сатса, башкалары 50 сомдон сатып жатышат. Үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү менен келген шаардыктар 1 литрин 250 сомдон алышууда. Сүмөлөктөн тышкары май токоч, балмуздак, таттуу алмаларды жерге коюп саткандар өтө көп.