Бүгүн, 21-мартта кыргыз жеринде Нооруз майрамы шаңдуу белгиленип жатат. Бишкекте шаардын борбордук аянтына, эски аянтка жана сейил бактарга чыккан элдин санын болжоп да айтуу мүмкүн эмес. Эл сүмөлөк жеп, түрдүү тамак-аштардан даам сызып, сейилдеп жүрөт. Жаш балдарды ойнотом дегендер жакын жактагы сейил бактарга агылууда. Сейил бакта оюн ойноткондордун, балмуздак, суу саткандардын соодасы мыкты болуп, күнү тууп жатат. Сейил бактарда оюн аянттарында калың топтор кезек күтүп жатышат.