Карылар үйүндө Ноорузга карата иш-чара уюштурулду (фоторепортаж)

Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы карылар үйүндө Нооруз майрамына карата маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чарага социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, уюштуруучулар жана аталган үйдүн тургундары катышышты. Анда Кудайберген Базарбаев сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды, кыргыз элин бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

"Бүгүн кыргыз жеринде Нооруз майрамы белгиленип жатат. Элибизде бир гана жакшылыктар болсун, үйүңүздөрдө кут-береке орносун",- деген министр элдин аярлуу катмарларына бир гана майрамдарда эле эмес, дайыма көңүл бурулуп, жашоо шартын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу буларды билдирди:

"Ата-энелерибизге, карыларыбызга ар дайым көңүл бурууга тийишпиз. Тилекке каршы, жакындары жок, кароосуз калган карыларыбыз да бар. Өзүңүздөр көргөндөй, бул жайда алардын жашоо шарты жакшы, былтыр тамак-аштын, дары-дармектин бир күндүк нормасын 2 эсеге көбөйттүк. Бардык нерсе болгону менен, буларга көңүл жетишпейт. Ошондуктан майрамдарда маданий иш-чараларды өткөрүп, көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылабыз. Майрам күндөрү эле эмес, башка күндөрү да ар кандай көңүл ачуучу иш-чаралар өтүп турат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usen92
2016-03-21 14:54:03
Майрамыныздар менен кыргыз элим
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан