Түркиядагы абал тынчсыздандырып жатса да, Нооруз майрамы кыргыздар тарабынан бүгүн, 21-мартта Эскишехир шаарында белгиленди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Анкарадагы Кыргыз Республикасынын "Достук жана маданият" коомунун башкы катчысы Адилет Абишов билдирди.
Ошондой эле Ыраакы Чыгыштагы кыргыздар Ноорузду башка боордош элдер менен чогуу белгилешти. Бул тууралуу Хабаровск шаарындагы Гүлназ Бакирова билдирди. Анда кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан калктары улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштуруп, өз элинин ыр-бийлерин көрсөтүштү. Кечеде кыргыз студенттеринен куралган бий тобу кыргыз бийин тартуулашты.
Мындан сырткары аймактагы кыргыз консулу Кадырбек Мырзабаевдин демилгеси менен кичи футбол жана волейбол боюнча эл аралык мелдеш болду. Анда Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Беларусь, Армения мамлекеттеринин жарандарынан куралган 16 команда мелдешти. Оюндардын жыйынтыгында кичи футбол боюнча 1-орунду беларустар, 2-орунду армяндар, 3-орунду тажиктер ээлешти. Ал эми волейбол боюнча баш байге Еврей автономиялуу облусунда жашаган кыргыздарга тийди. Экинчи катарда тажикстандыктар, үчүнчү болуп Хабаровск шаарындагы кыргыздар табылышты. Улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатында мындай спорттук иш-чаралар кыргыздардын демилгеси менен Хабаровск шаарында жылына эки-үч ирет салттуу түрдө өткөрүлүп турат.