Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамдын жүрүшүндө Бишкек шаары акырындык менен таштандыга толо баштады. Өзгөчө “Ала-Тоо” аянтынын тегерегиндеги сейил бак, бульварлар ар майрам сайын акыр-чикирге толуп, гүлдөр жана көк майсан тепселенип калат. Бул ирет дагы шаар жетекчилиги ар кайсы жерге таштанды үчүн чоң челектерди койгону менен, ушундай көрүнүштү байкоого болот.
Дагы бир көрүнүш: Панфилов багынын кире бериш жагы, Кыргыз драма театрынын бир капталы, Өкмөт үйүнүн маңдайы ачык асман астындагы тамактануучу жерге айланды. Бир жагында шишкебек жасалып жатса, экинчи тарабында чоң казандагы палоо, чаралардагы ашлян-фу... Мунун баарын ар кайсы жерге отуруп жеген шаардыктарды байкоого болот.