СУПЕРСТАН: "Эркектер жасаган тамакка караганда аялдар жасаган тамактар баары бир мыкты"

Ашкана дегенде эле аялзаты даамдуу тамагы менен кошо көзгө элестейт. Ошентсе да мырзалардын арасында ашкананы мыкты билгендер жок эмес. Форумчулар бул темага да кайрылбай коюшкан жок. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ашканада эркектер мыктыбы же аялдарбы?" деген тема талкууланууда.

Темада колдонуучулардын бири: "Албетте, эркектер мыкты. Боюмда бар кезде токсикоз болуп кыйналгам, ошондо тамакты жолдошум жасап берчү. Ашканада дайыма айымдар болгонубуз менен, эркектер да тамакты мыкты жасашарына ошондо ишенгем",- деп жазды.

Башка колдонуучу: "Мен үчүн аялзаты даярдаган тамактан өтөрү жок. Аялзаты мыкты. Мырзалар оңой-олтоң тамакты даамдуу жасай салышканы менен, камыр тамактарды жасай алышпайт болуш керек. Айымдар баарын жасашат",- дейт.

Нейтралдуу пикирлер да жок эмес. "Ким тамакты чын ыкласы менен жасаса, ошол тамак даамдуу болот",- дейт башка колдонуучу.

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан