Кыргыз мамлекети, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Беларустун элчилери Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты

Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев КРдагы Орусиянын элчиси Андрей Крутько, КРдагы Тажикстандын элчиси Олим Рахимов, КРдагы Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитов жана КРдагы Беларустун элчисинин кеңешчиси Сергей Иванов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Борбор Азиядагы кырдаал талкууланды.

Дипломаттар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин, айрыкча Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы кызматташтыкты талкууга алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан