Мындан 494 жыл мурун, 1522-жылы 21-мартта Осмон империясынын султаны, Даңазалуу Сулайман жана Хүррем султандын кызы Михримах султан күн менен түн теңелген күнү төрөлгөн. Акылдуу жана чилистен ханбийке ханзаадалар менен тең билим алган, бир канча тилди билген. Ал сулуу, келбеттүү жана бутунун учуна чейин жеткен алтын чачтуу болгон. 17ге чыкканда Михримах апасынын кыстоосуна баш ийип, өзүнөн 22 жашка улуу Рүстем пашага турмушка чыккан.
Михримах менен Рүстем султанаттын эң бай үй-бүлөлөрүнүн башында туруп, экөөнүн кайрымдуулук иштери эл оозуна алынган. Хүррем каза болгондон кийин 20 жыл бою гаремди башкарып турган. 56 жашында көз жумуп, бир гана Михримахтын сөөгү Сулейман султандын жанына коюлган.
21-марттын жылнаамасы.