“Ысык-Көлдөн табылган байыркы жаныбардын сөөгүн казып алдык, анын болжолдуу салмагы 300 килограмм болду”,- деди бүгүн, 21-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева. Анын айтымында, кийинки изилдөө иштери Улуттук академияда жүргүзүлөт.
“Учурда биз казып алган байыркы жаныбардын баш сөөгүн, эки тишин, бир бүтүн азуу тишин жана бырчаланып калган экинчи азуунун калдыктарын борборго жеткирүүгө даярдап, унаабызды күтүп жатабыз. Палеонтологдун айтымында, бул байыркы сөөктөр мамонттуку же анын жакын тууганы болгон мастодонттуку болушу мүмкүн. Биз табылганы Бишкекке алып барып, чет жактын жардамы жок эле, өзүбүздүн күчүбүз менен изилдейбиз. Буга, албетте, көп убакыт талап кылынат, анткени сөөктөр өтө байыркы экен”,- деди окумуштуу.