Ош облусунда чагымчыл аракеттерди жасап, интернет желелерине маалымат тараткан жарандар кармалып, аларга карата кылмыш иши козголду. Муну бүгүн 21-март күнү Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 20-март күнү интернет желелерине "Аксы районуна баргыла" деп элге чакыруу жасаган 59 секундага созулган видео жарыяланган. Анда 30 жаштагы кыргыз улутундагы атуул унаасын айдап бара жатып "Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин бийлик чечпесе, өзүбүз барып чечебиз, Ноокат районунан 200гө жакын жаштар бара жатышат. Ноокаттын элинин атынан сүйлөп жатам. Өзүн патриот деген атуулдарды чакырабыз, Аксыда жолугушабыз" деген кайрылуу жасаган.
Аталган видеотасма боюнча милиция ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын алкагында тасма 20-март күнү саат 10:30 чамасында Фольксваген Венто унаасы менен Ноокат районунун Бел айылында жайгашкан "Айсулуу" кафесинин жанынан баштап Кызыл-Кыя шаарын көздөй баратып тартылганы аныкталган. Видеотасмада сүйлөгөн атуул Ноокат районунун 30 жаштагы Н.М. аттуу тургуну, ал эми видеотасманы ошол эле айылдын 30 жаштагы тургуну тартып, интернет желесине жүктөшкөн. Алардын Аксыга бара турган ниети жок болчу. Азыркы тапта эки жаран кармалып, аларга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүүдө.
"Акыркы күндөрү интернеттеги социалдык тармактарда улуттар аралык чыр-чатакты күчөткөн видеоматериалдар таратылып жатат. Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгы мындай видеоматериалдарды тараткан адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө. Эгер видеоматериалда "улуттар аралык, диний жана расалык чыр-чатакты козгоо" беренесине ылайык аракеттер аныкталса, анда аны тараткан адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ош облусу боюнча ИИМдин Башкы башкармалыгы жарандарды мындай чагымчылыктарга берилбөөгө чакырат жана улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди тыюуга жардам берүүнү суранат",- деп айтылат маалыматта.