Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президенттик аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү жарыялады.
"Түркия элинин жана өзүмдүн атымдан сизди жана дос, боордош кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз биздин өлкөлөр арасында достукту, боордоштукту, тилектештикти жана кызматташтыкты байыртадан бери сактап келатат. Быйыл бул күн өзгөчө шык жана кубаныч менен майрамдалмакчы",- деп айтылат Түркия президентинин телеграммасында.
Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөгө жана регионго эле эмес, бүт дүйнөгө бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук тиледи.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган президент Алмазбек Атамбаевге ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык менен гүлдөп-өсүүнү каалады.