Азыркы учурда социалдык тармактардагы жеке баракчаларга сүрөт жүктөп, коомчулука жарыялоо модада. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернетке сүрөттү эмне үчүн киргизесиңер, мактануу үчүнбү?" деген тема талкууланууда.
Колдонуучулар түрдүү пикирде:
"Мактана турган адамдар үчүн мактанып, ичи күйө турган адамдардын ичин күйгүзүш үчүн сүрөт жүктөйм".
"Мен кызыктуу, орчундуу учурларды эле киргизем. Сүрөттөрдү көргөндө эстей турган жакшы көз ирмем калуусу керек".
"Алыстагы туугандарымды, досторумду, айылдаштарымды профилине кирип көрүп турам. Алардын кайда, эмне кылып жүргөнүн, турмуш курганын, балалуу болгонун социалдык тармактардагы сүрөттөрүнөн билем. Автор айткандай, өтө эле майда-чүйдө нерселеринен бери тартып киргизгендер да бар".
"Дөңгө чыктым, гүл тердим, бул адырга чыктым, чана тептим, бүгүн мындай салат жасадым" деп элди зериктирбеген адамдар да өзүнчө уникалдуу".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.