Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ) эртең кезексиз жыйында кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды талкуулайт

Кыргыз тараптын демилгеси менен эртең, 22-мартта Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгында уюмдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында ЖККУнун Туруктуу кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү Аман Мамбетсеитов аталган уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал тууралуу расмий маалымат берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан