КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 22-МАРТ: "Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолун ачпаса, кыргыз тарап дагы ошондой ыкманы колдонууга аргасыз болот" деди өкмөт өкүлү

22:55. "Өзбекстан Аксы - Ала-Бука жолунан аскерлерин албай тура берсе, кыргыз тарап дагы ошондой ыкманы колдонууга аргасыз болот. Аксыда кыргыз тарапка караштуу, бирок өзбектер пайдаланып жаткан жерлер бар. Бирок кырдаал сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынышы керек",- деди НТС телеканалынын түз эфиринде өкмөттүн чек ара иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров.

21:00. Жалал-Абад облусунун жаштары Аксы районунун кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз аскерлерине жана Жалал-Абад облустук укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам беришүүдө. Бул тууралуу алар SUPER.KG порталына билдиришти.

Аксы районунун жаштарынын өкүлү Медер Усмановдун айтымында, бүгүн алар мекенин коргоп жаткан кыргыз чек арачыларына жана милиция кызматкерлерине 10 килограмм палоо жасап беришти. "Мындан тышкары биз суусундуктарды жана башка керектүү азык-түлүктү жеткирип жатабыз. Түнкүсүн суук болгондуктан, 2 автоунааны бензин менен толтуруп, алып барып таштап кеткенбиз. Биз чек арадагы кырдаал дипломатиялык жол менен чечилет деп ишенебиз. Митингдер аркылуу абал курчуп кетиши мүмкүн",- дейт Усманов.

15:04. Аксы районунун борбору Кербен шаарында оппозициянын митинги аяктады. Жергиликтүү тургундар чек ара маселесин чечүүгө өкмөткө 3 күн мөөнөт беришкенин митингдин катышуучуларынын бири кабарлады. Чогулгандар тарады.

Кербен шаарындагы митинг

12:46. "Өкмөт башчы Темир Сариев Аксыда эл менен жолугушууда шашылып сүйлөп, артынан чыгып сүйлөгөн Азимбек Бекназаровдун сынына чычалап, нааразы боло баштаган элден шашылыш кетип калды. Жөн кетпей микрофонду көтөрө кетиптир",- деп жазды социалдык тармактагы жеке баракчасына активист Руслан Бекназаров.

Оппозиция өкүлдөрү Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев жана башкалар Аксыда

Оппозиция өкүлдөрү Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев жана башкалар Аксыда

12:33. Таш-Көмүр шаарында чек арага баруу максатында эл чогулуп жатат. Муну жаш активисттердин бири Бактияр Калпаев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, сүрөттөрүн жарыялады.

Таш-Көмүр шаары, 22-март

Таш-Көмүр шаары, 22-март

12:23. Аксы районунун борбору Кербен шаарында оппозициянын курултайы өтүүдө. Жергиликтүү тургундардын айтымында, район борборуна миңдей адам чогулду. Митингди Азимбек Бекназаров баштаган оппозиция өкүлдөрү уюштурууда.

12:12: Премьер-министр Темир Сариев Кербен шаарында митингге чыккан жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берди. Өкмөт жетекчиси чек арадагы кырдаал оор экенин белгиледи.

"Чек арачылар күнү-түнү иштеп жатышат, аларды сындагандын ордуна жардам берели. Бардык өлкөлөрдө чек ара маселеси бар, аларды бир күндө чечип салууга мүмкүн эмес. Кырдаалды ичтен бүлүнтпөй, биригип, бир бүтүн эл катары өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргойлу",- деди өкмөт башчы.

Андан ары премьер Ала-Бука районуна кетти.

Өкмөт башчы митингчилер менен жолугушууда

Кербенде митингге чыккан жергиликтүү тургундар

11:47. Мамлекеттик чек ара кызматы: "Аксы районунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Кыргыз мамлекетинин чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышууда. Кырдаал толугу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан көзөмөлдөнүп жатат".

10:54. "Бүгүнкү күндө жашыра турган эч нерсе жок. Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү үчүн 17-мартта бул жерде президент Алмазбек Атамбаев болду. Бүгүн мен премьер-министр катары келдим, себеп - чек ара маселеси. Чек ара талаштарынын айынан согуштар болгон. Айрым жалган патриоттор бул кырдаалды өздөрүнүн жеке максаттарына пайдаланууну, элди дүрбөтүүнү көздөөдө. Бирок түшүнүшүбүз керек, мындай жол менен чек ара маселеси чечилбейт. Кырдаалга түшүнүү менен караган элге ыраазычылык билдирем. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал президент менен өкмөттүн чечкиндүү кадамдарынан кийин жаралды. Башкысы - биз бардык өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүүбүз керек. Чек арадагы бул конфликт да чечилет. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча 16 пункттан турган өкмөттүн планы иштелип чыкты",- деди премьер-министр Темир Сариев Аксы районунун тургундары менен жолугушууда.

10:20. Премьер-министр Темир Сариев учурда Аксы районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Өкмөт жетекчиси кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал, өкмөттүн аракеттери тууралуу маалымат берүүдө. Жолугушууга ички иштер министри Мелис Турганбаев, Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиева, район акими Медет Айдаралиев катышууда.

Темир Сариевдин Аксы районунун тургундары менен жолугушуусу

Темир Сариевдин Аксы районунун тургундары менен жолугушуусу

08:40. Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы айылдарда Нооруз майрамынын жогорку деңгээлде белгиленишине тоскоол болгон жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл өкмөттөрүнүн башчылары билдиришти.

Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаевдин айтымында, Нооруз майрамына карата чоң концерттик программа көрсөтүлдү. "Айылыбызда абал жакшы. Чек арачылардын саны азайганы тургундар үчүн жакшы кабар болду",- деди Шербаев.

Аталган райондун Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Узаков Нооруз майрамына карата иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. "Айылда абал тынч. Эч кандай чагымчылдыктар болгон жок. Тургундар премьер-министрдин келерин айтышууда",- деди Узаков.

Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан