Бишкектеги этнокомплекстердин биринде Ноорузга карата узундугу 5, ал эми туурасы 1 метрге жеткен майрамдык торт даярдалды. Бул тууралуу Айзахан Тазабекова SUPER.KG порталына билдирди. Маалыматка ылайык, майрамдык тортту этнокомплекстин башкы ашпозчусу Болот Тентиев жасаган.
"Аны даярдоого 2 күн убакыт керектелип, узундугу 5, туурасы 1 метрди түзгөн. Ал эми салмагы 100 килограммдан ашкан. Майрамдык торт келген конокторго бекер таратылды",- дейт Тазабекова.