Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен чек ара коопсуздугу маселесин талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясий ишмердиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү жолдору тууралуу маалымат берилди.

Эрлан Абдылдаев мамлекеттин улуттук таламдарын коргоо жаатындагы демилгелер, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

"Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн улуттук таламдарын коргоо милдеттерин эл аралык укук нормаларына ылайык өз маалында жана так ишке ашыруу үчүн тыкыр жана салмактуу мамилени талап кылган маселелерди конструктивдүү чечүүгө багытталган курсту туруктуу улантуу зарылдыгын баса белгиледи",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан