Быйыл мамлекеттин эсебинен окуй турган студенттердин адистиги такталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, быйыл мурдагыдай эле 5705 абитуриент бюджеттик негизде окууга мүмкүнчүлүк алат. 2016-жылы саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагынан тышкары энергетика, айыл чарба, компьютердик технология, өндүрүш жана тоо-кен казуу өнөр жайы боюнча факультеттерге бекер окуу каралган.
Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдөн мыкты балл алган абитуриенттерге 50 орун берилет. Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, толук жетим, ата-энеси карабай калгандар жана кайрылмандар үчүн 100 орун каралган.