Аксы районунда быйыл 2 чакырым жолду оңдоого 2 миллион сом бөлүнөт. Маалыматты премьер-министр Темир Сариев 22-мартта Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Райондо ирригация маселесин чечүү максатында 40-50 миллион сом каралары айтылды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Белгилей кетсек, премьер-министр учурда Аксы районунда иш сапары менен жүрөт. Андан кийин Ала-Бука районуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушары айтылды.