Мамлекеттик салык кызматы 22-марттан баштап бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Март айынын акыркы 10 күн аралыгында жеке жактардан бирдиктүү салык декларациясы эртең мененки саат 9:00дөн 00:00гө чейин кабыл алынды. Мындан ары да декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жарандар жумуш убактысы бүткөндө - 18.00дөн кийин бере алышат. Иштин мындай режими бардык аймактык салык органдарында 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы аяктаган күнү – 1-апрелге чейин узартылат.
"Эскертебиз, 1-апрелге чейин чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Декларацияны өз убагында тапшырбагандар үчүн административдик айып каралган",- делет маалыматта.