Нооруз майрамынан кийин “Ала-Тоо” аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башкы экономисти Мурат Эсенов билдирди. Анын айтымында, борбор калаанын башкы аянтын жана анын тегерек-четин тазалоо кечээ саат 21:00дөн түнкү саат 1-2ге чейин уланган.
“Аянтты акыр-чикирден тазалоого 50 адам, 10 таштанды ташыган унаа жана 2 көчө жуучу унаа тартылган. Таштандынын көбү сүмөлөктөн калган желим стакандар болду. Кызматкерлер көк майсанга ташталган таштандыны аябай көп чогултушту. Негизи, биз аянттын тегерек-четине көлөмү 0,35 куб болгон 25 пластик контейнер, 0,75 куб болгон 10 темир контейнер орнотконбуз. Алардын баары толуп, таштандыны тургундар отурган жерине таштап кете беришкен”,- деди Эсенов.