Нооруз майрамынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 8 куб таштанды чыгарылды. Муну бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Жылдызбек Көчкөнов билдирди. Анын айтымында, борбордук аянтты тазалоо иштери кечээ таңкы саат 04:00дөн 10:00гө чейин жана 13:00дөн 16:00гө чейин эки ирет жүргүзүлдү.
“Аянтты тазалоо иштерине 25 адам жана 2 таштанды ташуучу унаа тартылган. Таштандынын көбүн суусундуктардан калган желим бөтөлкөлөр түздү. Биз борбордук аянтка атайылап акыр-чикир үчүн контейнерлерди орноткон эмеспиз.
Мындан тышкары жалпы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн 100 адам жана 4 атайын техника тазалап, 40 куб таштанды чыгарылды”,- деди Көчкөнов.