Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Жердиги башка жактан болсо, учурда Бишкектен төрөп калса, убактылуу батирде турса, андайда жөлөк пулду кантип жана кайсы жактан алат? Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү айылга барып алабызбы же шаарданбы?
Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат.
Мамлекеттик жөлөк пул алуу үчүн кайрылган адам төмөнкүдөй зарыл документтерди тапшырат:
- инсандыгын ырастоочу документти;
- анкета-арызды (арызды);
- үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматты;
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалым катты.
Зарыл болгон учурда мамлекеттик жөлөк пул алууга укук берүүчү кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу, никени бузуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптыгы жөнүндө МСЭКтин маалымат каты, көзөмөлчүлүк (камкорчулук) жөнүндөгү чечим, окуган жеринен, калкты ишке орноштуруу органдарынан маалым каттар, "кайрылман" күбөлүгү жана башка документтер) тапшырылат.
Жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлөнүн курамына никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар.
Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет:
Үй-бүлөдө бир жана андан ашык узак пайдаланылуучу, иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алууга укугу болбойт.
Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет:
- жеңил автомобиль;
- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
- жүк ташуучу автомобиль.
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жылдын 6-июнундагы “Мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндөгү” №47-буйругунун негизинде, жаран бир райондо (шаарда) катталып, бирок иш жүзүндө башка дарек боюнча жашаса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул убактылуу катталган жери боюнча убактылуу каттоо талонунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалат. Мында катталган жери боюнча райондук же шаардык Социалдык жактан коргоо башкармалыктарынан арыз ээси катталган жери боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулду албай тургандыгы жөнүндө маалым кат талап кылынат.
Жогорудагы жобонун негизинде, жаран убактылуу жашаган жери боюнча райондук же шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусун министрлик сунуштайт.
Ал эми күбөлүк бала кайсы төрөт үйүндө төрөлсө, ошол төрөт үйүнөн алат.
Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.