Бүгүн, 22-мартта Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкерлери кесиптик майрамына карата сыйланышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, борбордук муниципалитет жана шаардык кеңеш Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкерлерин талыкпас эмгеги жана күжүрмөндүгү үчүн Ардак грамоталар менен сыйлады. Салтанаттуу иш-чара Бишкек мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин катышуусу менен өткөрүлдү.