Бишкекте Нооруз күнү 52 наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-мартта Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти таратты.
Маалым болгондой, борбор калаада кечээ, 21-мартта 51 айым көз жарган, алардын бири эгиз төрөдү. 52 ымыркайдын 28и эркек, ал эми 24ү кыз. Учурда энелердин жана балдардын абалдары канааттандырарлык.