Атактуу болууну көпчүлүк каалашат, бирок атактуулуктун жашоодо ыңгайсыздык жараткан жактары да бир топ. SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Криштиану Роналду болуу оңойбу?" деген видео жүктөлдү (ник: Максат Кудайбердиев).
Видеодо португалиялык футболчу Криштиану Роналду тамактануучу жайга келсе, элдин баары аны таң калуу, кызыгуу менен карайт. Аны менен сүрөткө түшкүсү келгендер улам келип сүрөткө түшүп алууну суранып, ага тамактанууга да мүмкүндүк бербей айласын кетиришет. Роналду жанындагы досуна: "Бул кадимкидей эле адам бекен деп жатышса керек, ээ?"- деп күлөт. Бирок айласын кетирген күйөрмандарына жылмаюу менен гана жооп берет.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.