Борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм эне борбордогу клиникалык №6-төрөт үйүндө бүгүн эртең менен көз жарган. Аталган төрөт үйүнө Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуя тууралуу кошумча маалымат берилет.