Өлкөдөгү 1805 айылдын 60 пайызы гана ичүүчү суу менен камсыздалган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө арналган тегерек столдо Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди. Анын айтымында, иш-чара таза суу маселелерин талкуулап, аларды чечүүгө арналган.
"Кээ бир айылдарда онго жакын колонка бар болсо, биз ал айылдарды суу менен камсыздалды деп эсептеген жокпуз, анткени ар бир үйдүн ичинен таза суу чыгышы керек деген ойдобуз. Эгерде Совет доорунан калган колонкаларды эсептегенде, анда республиканын 91 пайызга жакыны ичүүчү суу менен камсыздалган болуп калат",- деди жетекчи.
Айта кетсек, 1993-жылдан бери БУУнун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк суу күнү белгиленип келет. Кыргыз жергесинде бул күн төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.