КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз жергесинде жана Тажикстанда чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча аталган өлкөлөрдө суу курамы адам организми үчүн эң пайдалуу болуп эсептелет.
"Биздин өлкөдө таза жана ичүүгө ылайыктуу болгон суулар мөңгүлөрдөн жана жер астындагы суулардан алынат. Ал эми башка мамлекеттерде суулар саздак жерлерден алынып, тазаланып, анан ичкенге даярдалат. Ошол эле учурда биздеги суулардын баары эле атайын стандарттарга жооп берет дегенден алысмын. Бизде Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ачык булактан суу алып ичкендер ар кандай инфекциялык ооруларга көп кабылышат",- деди Исаков.