Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Жолдошум КамАЗ айдайт, бирок ал өзүнүн атында эмес. Ишеним кат менен айдайт. Бир кызым бар, жөлөк пул ала алабызбы? Өзүбүз кайнагамдын үйүндө жашайбыз. Үйүбүз жок. Суроо калтырган Asyl.jazi.
Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат.
Жалпы кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлөнүн курамына никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар.
Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет:
Үй-бүлөдө бир жана андан ашык узак пайдаланылуучу, иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алууга укугу болбойт.
Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет:
- жеңил автомобиль;
- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
- жүк ташуучу автомобиль.
Жогорудагы жобонун негизинде, сизге балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик жөлөк пул чектөө мыйзамга туура келбестигин министрлик билдирет.
Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.