Ош. Үйгө муктаж болгон мугалимдерге жана тарбиячыларга ипотекалык негизде үйлөр берилүүдө

Ош шаарындагы №23-мектепте мэрия тарабынан ипотекалык насыя аркылуу берилип жаткан үйлөрдү алуу үчүн шаардагы үйгө муктаж болгон мугалимдер жана тарбиячылар чогулушту. Анда Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин өкүлдөрү чүчү кулак аркылуу бир бөлмөлүү 7, эки бөлмөлүү 23, үч бөлмөлүү 22, жалпы 52 батирди муктаж болгон мугалимдерге жана тарбиячыларга бөлүп берди.

Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, Ош шаарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайларды мындан ары ипотека шартында бөлүп берүүнү камсыз кылуу үчүн КРнын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Турак жай, Жер, Жарандык кодекстерин эске алуу менен Ош шаарында туруктуу каттоодо туруп, жашап жаткан жарандарга берилүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин ипотекалык үйлөрдү алуу үчүн бериле турган насыяларга азыркы учурда Ош шаарынын мугалимдери жазылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sagyn01
2016-03-22 16:27:59
Канчадан канча жылга?
0
Angel92
2016-03-22 16:43:10
Райондогулар да алгыбыз келет Оштон ипотекага квартира...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан