SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аргасыздан турмуш курганда..." деген тема талкууланууда.
Автор: "Сүйбөгөн адамына аргасыз баш кошкондордун жашоосу кандай болот? Же "нике ысык болот" демекчи, жактырбаган адамын нике сүйдүрүп коёбу?"- деп суроо салган.
Буга төмөндөгүдөй пикирлер айтылууда:
"Эгер мурда башканы сүйүп жүрүп, ата-энесинин мажбурлоосу менен башкага баш байласа, өтө эле оор болот го. Келинчегинин баскан-турганы одоно көрүнүп, сүйгөн кызынын жакшы жактарын келинчегинен таппай убайым тартары анык. Эгер ушул эле ситуация аял кишинин башына түшсө, жыл айланбай балалуу болот да, баласына байланып кала берет. Эне деген баласы үчүн өз бактысын садага чабары бештен белгилүү эмеспи".
"Көпчүлүк кыргыз келиндери ала качуу же башка себептер менен өз сүйгөнүнө турмушка чыкпай калышат. Алардын интимдик жашоосу ойдогудай боло бербейт".
"Сага жат, көңүлүң тартпаган, сен сүйбөгөн эркек менен бир төшөктө болуу өлүмгө барабар".
"Көрүшпөй жүрүп, кичине жактырып үйлөнсө кызыктуу, сүйүү да бекем болот. Узак сүйлөшсөң деле кызыгы кетет. Жаңы таанышып, жаңы сүйүү баштасаң сонун да".
"Жакын досум деле мажбур болуп тийген, бирок жолдошун аябай сүйөт азыр".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.