Борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен көз жарган 15 жаштагы кыз "күйөөсү" менен ажырашып, ал Орусияга кетип калганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG`ге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринде өспүрүм кыз төрөгөнү тууралуу маалыматты милицияга бүгүн борбордогу клиникалык №6-төрөт үйүнөн билдиришти. Ноорузгүл аттуу 15 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургуну аталган төрөт үйүнө 17-март күнү саат 17:40 чамасында келип түшүп, 18-март күнү эркек бала төрөгөн. Учурда эне менен баланын абалы жакшы. Кыздын айтымына караганда, ал күйөөсү менен нике кыйып жашап жүрүп боюна болуп, бирок көп өтпөй ажырашып кетишкен. Кийин күйөөсү Орусияга кетип калган. Учурда өспүрүм энени борбордо жашаган туугандары үйүнө чыгарып кетишти. Ал өз сөзүндө күйөөсүнө арыз-доосу жок экенин билдирди. Кыздын ата-энеси эч жерде иштебейт, ал үй-бүлөсүндө 9 бир тууган экени маалым болду", - деп билдирди О.Казабаев.