Түштүк Кореяда 19 миңдей АКШ долларын аянтка чачып алган аялдын акчасына жанынан өтүп бара жаткандар тийишкен жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, Сеул шаарында 56 жаштагы аял 1000, 5000 жана 10 000 вондук купюрадан турган 22 миллионду (19030 доллар) аянтка чачып алган. Полиция билдиргендей, бирөөнүн акчасын алып коюу фактысы үчүн мыйзам түрүндө жоопкерчиликке тартылат.
Полиция акчасын чачып алган аялды суракка алганда, ал Сеулдагы банктардын биринен 42 миллион вон акчаны бир нече күн мурун алганы белгилүү болгон. Ал акчасын алдырып жибербейин деп жан сакчы жана такси жалдап алганын айткан. Аялдын айтымында, аны күйөөсү менен баласы коркутуп акчаны талап кылганда, ал бул каражатты көчөдөгү кембагалдардын бирине берүүнү көздөп келе жаткан.