SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү тойго көп адамдын келиши сизге маанилүүбү?" деген тема кызуу талкууну жаратты.
Темада:
"Той жакын адамдарың менен эле болгону жакшы. Калганы сынап келишет. Көп киши чакырып акча табам дегендер да адашат, андай акчалар дегеле жукпайт".
"Үйлөнүү тойго көптөгөн конокторду чакыруу салтка айланып бара жатат. Анткени сен да бирөөнүн тоюна барып катышасың, барганга жараша беш-он миң сом көтөрүп барасың. Анан ошол беш-он миңден берген акчаңды кайра жыйнап алышың керек да".
"Курбуларымдын тоюна күбө болуп, ата-энелерине боорум ооруп кетчү, "Ушунча адам, ушунча чыгым, ушунча ысырапкерчилик, ушунча убаракерчилик болгону ушул эки күн үчүнбү?" деп. Өзүм турмушка чыгарда эки бутумду бир өтүккө салып туруп алдым, "эч ким келбесин, мен ЗАГСка барам, шакек тагам, ошол болот" деп. Ашыкча "расходдун" кимге кереги бар? Сомду сомго тизип жылдап топтоп, 2-3 күндө чачып ийип, бармакты мурунга тыгып, моюнга карызды илип отуруп калабыз, тойдон кийин тон керек".
"Кыргыздын тоюнда аз киши болгон жарашпай калат го дейм. Бери дегенде эле 100 киши болсо керек. Томолой жетим эле болбосоң",- деген пикирлер айтылууда.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.