Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Ысык-Көл облусундагы байыркы жандыкты тапкан тургундарды бүгүн, 22-мартта сыйлады. Бул тууралуу аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан кабарлашты.
Жолугушууда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев байыркы жандыктын калдыктарын таап, аны кайтарууга алган Отрадное айылынын айыл өкмөтү Бакыт Жумабековго, милициянын кенже лейтенанты Нурлан Усупбаевге, ошондой эле Орлиное айылынын тургундары Канат Болотовго, Эрмек жана Эрлан Кулетовдорго ыраазычылык билдирди.
"Маданият жана тарых жылында табылганы өзгөчө белги. Балдар, байыркы жандыктын калдыктарын таап, аны сактаганыңар менен дүйнө эволюциясына жана тарыхына жаңы барак ачканыңар үчүн силерге рахмат",- деди Акибаев.