Бүгүн, 22-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитов Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун такталбаган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди.
ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, кырдаалга мындан ары байкоо жүргүзүшөрүн белгилешти.
ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү эртең, 23-мартта жогоруда аталган жыйынды улантышмакчы.