Бишкек шаардык кеңеши Кубанычбек Кулматовду “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйлады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 22-мартта борбордун мурунку мэрин жергиликтүү бийлик органдарындагы көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлык тапшырды. Кулматов өз сөзүндө мэриянын жалпы жамаатына аткарылган жумуш үчүн ыраазычылык билдирип өттү.
“Бул сыйлык баарыбызга таандык. Мэриянын жалпы кызматкерлерине, вице-мэрлерге жана структуралык бөлүктөрдүн жетекчилерине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздерге чоң рахмат”,- деди экс-мэр.