Бишкектин жана Чүй облусунун айрым жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Бул тууралуу маалыматты “Түндүк электр” ишканасы расмий сайтына жарыялады.
Маалым болгондой, 23-24-март күндөрү саат 06:00дөн 18:00гө чейин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы "Чүй-Кара-Ой" аба электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Совет, Дөң-Арык, Алчалуу, Талды-Булак, Кара-Ой айылдарынын электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Ошондой эле бүгүн, 23-мартта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка, Көк-Жар айылдарында “Нур”, “Кара-Жыгач” көмөк чордондорунан тараган 10/6 киловольт аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Мындан тышкары 23-мартта саат 09:00дөн 19:00гө чейинки аралыкта Бишкек шаарынын Осмонкул, Суворов, Элебесов, Махатма Ганди, Саадаев, Түлөбердиев көчөлөрүндө, Ататүрк атындагы сейил бак тарабындагы Малдыбаев көчөсүндө, Жал кичи районундагы №75, №7-кичи районундагы №3, №4-көп кабаттуу үйлөрдө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүп калышы мүмкүн.