Талас облусунан 10 бала Германияда бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кайрымдуулук иш-чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына гана жүргүзүлгөн. 14-15-март күндөрү Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 223 баланын ден соолугу текшерүүгө алынып, алардын ичинен кыргыз жергесинде дарыланууга мүмкүнчүлүк болбогон 10 бала тандалып алынды. Алардын жарымы Германияга ушул жылдын август айында кетишсе, калганы 2017-жылдын февралында жөнөтүлөт.
Айта кетсек, мындай акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул маалда 24 бала Германияда бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алып, алардын 16сы тиешелүү жардам алган соң мекенине кайтып келген. Дагы 8 бала учурда аталган өлкөдө дарыгерлердин көзөмөлүндө.