КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 23-МАРТ. Жол тоскон өзбек чек арачылары "Өзбекстаныбызга кош келиңиз!" дешип, жарандардан "загранпаспорт" сурап жатышканы айтылды

16:35. Аксы - Ала-Бука жолундагы блокпостто турушкан өзбек чек арачылары жол жүрүүчүлөрдөн жалпы жарандык паспорт (загранпаспорт) сурашууда. Муну SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди. "Ала-Бука тарапка барып келдим. Чек арачылар жолдон тосушуп, "Өзбекстаныбызга кош келиңиз! Худжат (документ) көрсөтүңүз" деп жатышат",- дейт жергиликтүү тургун.

15:50. Орусияда иштеген Аксы жана Ала-Бука райондорунун уул-кыздары бүгүн Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине чогулушту. Аларга чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берилди. Элчиликтин билдиришинче, мекендештерибиз кырдаалды батыраак жөнгө салууну өлкө жетекчилигинен өтүнүштү.

14:30. Кербен шаарынын аймагында Үңкүр-Тоодогу станция башка жерге көчүрүлбөйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун маалыматтык коопсуздугун күчөтүү үчүн Үңкүр-Тоодо жайгашкан "Кербен" ретрансляциялоо станциясы (РРС-24) менен байланышта иштеген башка станция куруу жагы каралууда. Мындай станцияны куруу жаңы байланыш каналдарын түзүү зарылчылыгынан пайда болду. Бул иш аталган райондордо санариптик телекөрсөтүүнү ишке ашыруу үчүн жүргүзүлүп жатат. "Кербен" ретрансляциялоо станциясы башка жакка жылдырылбайт. Бул аймакта чек араны белгилөө өлкөлөрдүн өкмөттүк делегацияларынын иши",- деп айтылат маалыматта.

Үңкүр-Тоодогу станция

12:00. Аксыдагы Үңкүр-Тоодон кыргыз тараптын ретрансляциялоо станциясын алып кетүү сунушталды. Муну Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев SUPER.KG порталына тастыктады. Анын айтымында, станцияларды жайгаштырууга башка жер караштыруу боюнча премьер-министрден буйрук келди.

"2015-жылдын 11-ноябрында өкмөт отурумунда Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагына киргизүү боюнча токтом кабыл алынган. "Тоодогу кыргыз тараптын станциясын жайгаштырууга башка жер издештирилсин" деген өкмөт башчы Темир Сариевдин сунушу келди. Бул тоо атам замандан бери эле кыргыздарга тиешелүү тоо. Кербендин ар бир тургуну, кичинесинен чоңуна чейин тоонун өзбектерге берилишине каршы чыгат. Азыр абал оор болуп турат, бул ого бетер кырдаалды күчөтүп жатат. Биз азыр эле бул маселени шаардык кеңештин сессиясында карап, өкмөттүн бул токтомуна каршы экенибизди билдирдик. Мындан башка жол издешсин",- деди Озокеев.

Активисттердин бири Үңкүр-Тоодогу станцияны которуу аракети болгонун айтып бул документти жарыялады

11:50. 23-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Чала-Сарт аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул аймакта кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантышууда. "Эки мамлекеттин аскердик техникасынын жылышы же аскерлеринин санынын өзгөрүшү катталган жок. Кыргыз жарандары Ала-Бука - Кербен унаа жолу менен тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Өзбек чек арачылары тарабынан кыргыз жарандарынан жалпы жарандык паспортторун көрсөтүү талабы катталган эмес",- деп айтылат маалыматта.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз жарандарын чагымчылдыктарга алдырбоого чакырат жана эки мамлекеттин аскерлеринин укукка каршы келген аракеттери боюнча (0312) 54-28-99 телефон номери аркылуу кайрылууну суранат.

09:48. "Жалал-Абад облусунда мобилизациялоо жүрүп жатат" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аскер комиссариаттары пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышы мүмкүн. "Мындай текшерүүлөр өлкөдөгү бардык аскер комиссариаттарында мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат",- дешти мекемеден.

Айта кетсек, SUPER.KG'ге окурмандар кайрылып, "Жалал-Абад облусундагы аскер комиссариаттары аскердик билеттерди топтоп, аскерге милдеттүүлөрдү чакырып жатышат" деп билдиришкен.

Жалал-Абад облусундагы аскер комиссариаттарынын бири аскерге милдеттүүлөрдү чакырды

Жалал-Абад облусундагы аскер комиссариаттарынын бири аскерге милдеттүүлөрдү чакырды

Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу талкуу жабылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан