Бишкек бир мезгилде жашыл шаар катары калаа тургундарынын жана конокторунун купулуна толуп, сүйүктүү шаары болуп келген. Мрамордон салынган имараттар да көпчүлүктү суктандырбай койбойт эле. Азыр да шаарыбызды суктануу менен кароого болот. Шаардагы жашоонун ылдамдыгы күндүз өзгөчө байкалса, түнкүсүн унаа тыгындары жоюлуп, бир аз да болсо тынчыгансып калат.
Жогорудагы сүрөттөрдөн Бишкектин түнкү көрүнүшү менен тааныша аласыздар. Акыркы жылдары шаарыбыздын архитектуралык көрүнүшүнүн бир топ жогорулаганы байкалат. Жаңы салынып жаткан заманбап кеңселер, турак жайлар, соода борборлору, алардын кооз жасалгалары кубандырбай койбойт. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн борбор шаарларына салыштырмалуу жетишпегендиктерин да байкасак болот. Түнкү Бишкектин негизги көйгөйү - көчөлөрдө жарыктын жоктугу жана унаа жолдорунун жыртык-тешиктери. Бул көрүнүш көпчүлүктү капа кылат. Бирок түнкүсүн тургундар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.