Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 180 орунга ылайыкташкан бала бакча ишке кирди. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы курулуп бүткөн бала бакчада жалпы 6 тайпада балдар тарбияланмакчы. Бала бакча жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен, ошондой эле жергиликтүү казынанын эсебинен курулган.
Кошумчалай кетсек, учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 31 бала бакча, 22ден ашуун менчик балдар бакчасы иштеп жатат.