Оппозиция эртең, 24-мартка пландаган митингди өткөрбөөнү чечти. Бул тууралуу Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров интернеттеги социалдык баракчасында жарыялады.
Анын айтымында, азыркы кырдаалда бийлик-оппозиция болуп бөлүнбөй, кээ бир саясий жыйындарды токтотуп туруу туура. "Азыркы тышкы маселе, чек ара курчуп турган убакта ички социалдык, саясий маселелердеги талаштарыбызды башка убакка жылдырсак туура болчудай. Азыр болуп көрбөгөндөй ынтымак керек.
Ошол эле учурда бийлик Үзөңгү-Кууш, Каркыраны кармата бергендей саясатын токтотуусу зарыл. Эгемен, көз карандысыз кыргыз өлкөсүнүн жараны, Аксынын баласы катары Аксынын жарым карыш жери кетүүсүнө жол бербегенге бар күчүмдү жумшаймын. Бийликтен бул маселеде катуу туруусун талап кыламын",- деди Бекназаров.