Бишкекте 9-майда "Унутулгус полк" акциясынын катышуучулары Түштүк дарбазадан "Жеңиш" аянтына чейин жөө жүрүшкө чыгышары болжолдонууда

Кыргыз өкмөтү "Унутулгус полк" акциясынын уюштуруучуларына жардамдашары коомдук штабдын өкүлдөрү менен вице-премьер Гүлмира Кудайбердиеванын 22-марттагы жолугушуусунда белгилүү болду.

Мурдагы жылдарда өткөрүлгөн акциялардын тажрыйбасынын негизинде жана үстүбүздөгү жылдын 9-майына пландалган иш-чаралар тууралуу талкуунун негизинде акцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдоо болушу керектиги тууралуу чечим чыгарылды. Гүлмира Кудайбердиева бул майрам кыргыз эли үчүн өзгөчө экенин белгилеп, кыргыз өкмөтү майрамдык иш-чаралардын баарын колдоосуна аларына ишендирди. Мындан ары штабдын бардык иштери Мамлекеттик башкаруунун аткаруу органы менен биргеликте өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү акциясы 9-майда кыргыз жергесинин бир нече шаарында өтөт. Ага миңдеген тургундар катышышат. Бишкек шаарындагы жүрүш Түштүк дарбазасынан "Жеңиш" аянтына чейин болуп, эскерүү мүнөтү менен бүтөрү болжолдонууда. Жүрүш маалында Абдрахманов көчөсүнүн айрым жерлери жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан