Өлкөдө айдоочулардын 55 пайызы ПОС-терминал эмне экенин билбейт. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук бирикмесинин өкүлү Мирлан Кубатбеков билдирди. Анын айтымында, жолдордогу абалды жакшыртуу жана расмий түрдө айыптарды төлөөгө багытталган долбоор иш жүргүзүүдө.
"Айдоочулардын арасында жолдо жүрүү эрежелерин бузса, канча төлөө керектигин билбегендер бар экен. Ошондой эле айып пулду банктык карточка менен төлөөдөн коркушат экен. "Карточкамда 10 миң сом болсо, инспекторлор баарын алып коюшат деп корком", "ПОС-терминал менен айып кандай төлөнөт?", "Карточканы кайдан алам?" деген сыяктуу суроолор биздин айдоочулар арасында өтө көп болууда. Биздин максат - айдоочулардын сабаттуулугун жогорулатуу. Бул үчүн атайын маалымат баракчаларын чыгардык, алар жалпысынан 75 миң даана менен чыгарылды, анын 30 миңи кыргыз тилинде, 30 миңи орус жана 15 миңи түштүктөгү айдоочулар үчүн өзбек тилинде чыгарылды. Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Токмок жана Караколдогу эл көп болгон жерлерде таратылат",- деди Кубатбеков.