2016-жылдын март айында балык корлорун коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда Таш-Көмүр, Күрп-Сай суу сактагычтарына суу үстүнө белгисиз бирөөлөр тараптан балык кармоо максатында мыйзамсыз салынган 8 даана ар кандай өлчөмдөгү тор жыйналып алынды. Жыйналган торлордун жалпы узундугу 90-100 метрди түзөт. Жыйналып алынган 8 даана тор суу жээгинде өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда кайырмак менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну Алижан уулу Фурхат төрт даана маринка балыгы менен кармалды. Ага карата протокол түзүлүп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 145-беренеси боюнча 20 200 сом өлчөмүндө айып салынып, азырынча 10 миң сому өндүрүлдү.