"Өлкө калкынын 93 пайызы жол-кайгуул инспекторлорун коррупционер деп эсептейт". Муну бүгүн, 23-мартта маалымат жыйынында эл аралык уюмдардын социалдык сурамжылоосуна таянып “Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук бирикмесинин өкүлү Болот Исмаилов билдирди. Анын айтымында, дагы бир башка коомдук бирикменин жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, 2015-жылы кыргыз жергесинин жарандарынын 50,2 пайызы Жол-кайгуул кызматынын ишине нааразы.
“Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча, автоинспекторлор айдоочулардан алган расмий эмес айыптан бир күндө 5 миңден 10 миң сомго чейин акча табышат. Жыйынтыгында мамлекетке бир күндө жок дегенде 10 миллион сом түшпөй калат.
Албетте, 100 МАИчинин 5и коррупционер болушу мүмкүн, бирок баарын эле жаман дей берүү туура эмес. Көп учурда айдоочулардын аң-сезиминин төмөндүгүнөн паракорлукка жол ачылып жатат. Мен өз көзүм менен көрүп, кулагым менен уккам, бир тойдон атасы мас болуп калып “эч нерсе эмес, унааны айдай беребиз” деп айткан. Бул нерсени жанындагы баласы укту. Ушинтип адамдардын буга карата көз карашы калыптанып калган”,- деди Исмаилов.