Президент Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысына кошумча 10 миллиард сом насыя бөлүү тапшырмасын берди

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасын каржылоо үчүн кошумча 10 миллиард сом жеңилдетилген насыяларды бериши керек. Муну президент Алмазбек Атамбаев 23-мартта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчы экономиканын негизги тармактарын жандантуу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана евразиялык интеграциянын шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн фонд жакында толук түрдө ишин башташы керектигин билдирди.

Президенттин айтымында, ата мекендик ишкерлерге арзан жана узак мөөнөттүү насыяларды берүү аларга өлкөнүн интеграциялык процесстерге катышуусун натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан